BAKAI'га өтүңүз
«БАКАЙ БАНК» ААКтын «BAKAI’га өтүңүз» рефералдык
маркетинг-акциясынын шарттары
1. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1.1. Ушул документ «BAKAI’га өтүңүз» рефералдык маркетинг-акциясынын баяндоосу болуп саналып (мындан ары – “Эрежелер”), «BAKAI’га өтүңүз» рефералдык маркетинг-акциясын өткөрүү тартибин, Акцияга катышуу шарттарын, жеңүүчүлөргө байгелерди берүү тартибин жана шарттарын, ошондой эле Акциянын башка олуттуу шарттарын аныктайт.
1.2. «BAKAI’га өтүңүз» акциясынын (мындан ары – Акция) уюштуруучусу болуп “Бакай Банк” (мындан ары- “Банк”) эсептелет.
1.3. Акция 2024-жылдын 26-апрелинен баштап 2024-жылдын 31-августуна (кошо эсептелет) чейин уланат. Банк Акциянын жүргүзүлүш мөөнөтүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү укугун өзүнө калтырат (токтотуу же улантуу). Акциянын мөөнөтү өзгөргөн учурда Банк кардарларга Банктын расмий сайтыаркылуу кабарлоого милдеттүү.
1.4. Акциянын ар бир катышуучусу Акцияга катышуу менен Шарттарды кунт коюп окуп чыккандыгын, түшүнгөндүгүн, бардык шарттарга жана жоболорго эч кандай чектөөлөрсүз толук бойдон макул экендигин тастыктайт.
1.5. Акцияга төмөндө келтирилген жеке адамдардын бардыгы катыша алышат:
· Кыргыз Республикасынын 16 жашка толгон бардык жарандары.
· Акция башталган күнү Банктын кызматкери болуп саналышкан промоутерлерди, такшалуучуларды, декреттик өргүүдөгүлөрдү кошо алгандагы Банк кызматкерлери
1.6. Акцияга төмөнкүлөр катыша алышпайт:
· 16 жашка толо элек өспүрүмдөр.
· Кыргыз Республикасынын резидент эместери
· Банкта жогорку кызматты ээлеген адамдар жана кызматкерлер (Башкарманын, Директорлор Кеңешинин мүчөлөрү), ошондой эле Уюштуруучу менен аффилирленген адамдар.
1.7. Утуш түрүндөгү кирешени төлөө менен байланышкан салыктарды эсептөө жана төлөө милдетин Уюштуруучу алат, анын наркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык 50 эсептик көрсөткүчтөн ашайт.

2. ЖАЛПЫ ТЕРМИНОЛОГИЯ
2.1. Рефералдык маркетинг —бул маркетингдик кампаниянын стратегиясы, ал Банктын учурдагы кардарлары тарабынан берилген сунуштамаларга жана рефералдарга негизделет. BakAi тиркемесинин (мындан ары – «BakAi») учурдагы колдонуучулары рефералдык маркетингдин алкагында өзүнүн тааныштарын, досторун же кесиптештерин BakAiдын жаңы колдонуучусу болууга чакырышат жана өзү үчүн дагы, чакырылган адамдар үчүн дагы сыйакы алышат.
2.2. BakAi — бул Кардарга банкык эсептердеги акча каражаттарын мобилдик түзүлүш жана/же Интернет глобалдык компьютердик тармагы аркылуу башкаруу боюнча банктык кызматтарды сунуштоого арналган уюштуруучулук иш-чаралардын жана программалык-техникалык каражаттардын системасы.
2.3. Реферер — BakAi тиркемесин жүктөп алган жана идентификациялоодон ийгиликтүү өткөн, рефералдык жөнөтмө аркылуу BakAiга башка колдонуучуларды тартуучу жеке адам.
2.4. Реферал — Реферердин жөнөтмөсү боюнча BakAi тиркемесин жүктөп алган жана идентификациялоодон ийгиликтүү өткөн жеке адам.
2.5. Рефералдык жөнөтмө —BakAiды жүктөп алууга жөнөтмө, ал мобилдик тиркемени колдонуучунун ар бирине бекитилген уникалдуу идентификаторду камтыйт. АА
2.6. BakAi мобилдик тиркемесинин жаңы колдонуучусу – акция башталган датадан кийин тиркемелердин расмий дүкөндөрүнөн жана/же Уюштуруучунун расмий каналдары аркылуу WhatsApp тиркемесине жөнөтүлгөн жөнөтмө аркылуу алгачкы жолу BakAiды жүктөп алган жана идентификацялоодон ийгиликтүү өткөн, ошондой эле Акция өткөрүлүп жаткан мезгилде аралыктан идентификациялоодон ийгиликтүү өткөн адам
2.7. Тиркемелердин расмий дүкөндөрү –Android жана iOS платформаларындагы түзүлүштөр үчүн мобилдик тиркемелердин санариптик дүкөндөрү (Google Play, AppGallery и App Store).

3. АКЦИЯНЫН ШАРТТАРЫ
3.1. Катышуучу Акцияга катышуу үчүн Акция башталган датага чейин же Акция өткөрүлүп жаткан мезгил ичинде Банктын кеңселеринде же аралыктан идентификациялоодон өтүп, BakAi тиркемесинин колдонуучусу болуусу керек.
3.2. BakAiдагы Акциянын ар бир катышуучусунун авторизацияланган аймагындагы башкы менюсунда досторду чакыруу үчүн жана «BAKAI’га өтүңүз» акциясынын алкагында бонустарды алуу үчүн баннер чыгат:
3.3. Колдонуучуга төмөнкүлөр жеткиликтүү: анын байланышкан адамдарына – BakAiдын болжолдуу колдонуучуларына чакыруу жөнөтүү мүмкүнчүлүгү, ошону менен бирге жеке маалыматтардын иштетилиш шарттарынын кабыл алынышы зарыл.
3.4. Уюштуруучу Реферердин атынан өзүнүн расмий каналдары аркылуу Реферердин байланышкан адамдарына жөнөтмө жиберет.
3.5. Катышуучу BakA i тиркемесинин бардык колдонуучулары үчүн жеткиликтүү болгон уникалдуу рефералдык шилтеме аркылуу BakAiга жаңы колдонуучуларды тарта алат.
3.6. Рефералдык жөнөтмөлөрдү мессенджерлер (WhatsApp, Telegram ж.б.), социалдык тармактар (Instagram, Facebook ж.б.) жана коммуникациялардын башка жеткиликтүү каналдары аркылуу жөнөтсө болот.

4. РЕФЕРЕРЛЕРДИН,РЕФЕРАЛДАРДЫН ЖАНА ЖАҢЫ КОЛДОНУУЧУЛАРДЫН СЫЙАКЫЛАРЫ
4.1. Акциянын катышуучулары, рефрерлер, рефералдар жана жаңы колдонуучулар төмөнкү пункттарда көрсөтүлгөн шарттарга ылайык сыйакы алышат. 4.2. Реферерлердин сыйакылары, 4.3. Рефералдардын сыйакылары жана 4.4. Жаңы колдонуучулардын сыйакылары.
4.2. Реферерлердин сыйакылары:
4.2.1. Реферер өзүнүн рефералдык жөнөтмөсү аркылуу тартылган ар бир жаңы BakAi колдонуучусу/реферал үчүн 50 (элүү) сом өлчөмүндөгү сыйакы алат. Реферал Акция өтүп жаткан мезгил ичинде аралыктан идентификацялоодон өткөн шартта сыйакы реферерге чегерилет. Реферал идентификациялоодон Акция өтүп жаткан мезгилде өтпөсө же идентификациялоодон Акция башталганга чейин өткөн болсо, анда реферерге сыйакы чегерилбейт. Реферал идентификациялоодон өткөндөн кийин сыйакы реферердин рефералдык жөнөтмө жиберилген номерине, анын BakAi балансына ошол замат автоматтык түрдө чегерилет.
4.2.2. Реферер өзүнүн рефералдык жөнөтмөсү аркылуу тартылган ар бир 20 (жыйырма) жаңы BakAi колдонуучусу/реферал үчүн 1000 (миң) сом өлчөмүндөгү кошумча сыйакы алат.
4.2.3. Реферер 20 (жыйырма) жаңы BakAi колдонуучусун ийгиликтүү тарткан учурда сыйакы реферердин рефералдык жөнөтмө жиберилген номерине, анын BakAi балансына ошол замат автоматтык түрдө чегерилет.
4.2.4. Реферер сыйакы чегерилген учурга карата BakAiдын колдонуучусу болуусу керек.
4.2.5. Реферердин BakAi номери өзгөргөн учурда анын бардык тартылган колдонуучулары жана сыйакылары Банкка жасалган сурам боюнча жаңы номерге которулат.
4.3. Рефералдардын сыйакылары:
4.3.1. Реферал Акция өтүп жаткан мезгил ичинде реферердин жөнөтмөсү боюнча тиркемени жүктөп алгандыгы үчүн жана идентификациялоодон өткөндүгү үчүн ошол замат 100 (жүз) сом өлчөмүндөгү сыйакы алат. Реферал идентификациялоодон Акция өтүп жаткан мезгилде өтпөсө же идентификациялоодон Акция башталганга чейин өткөн болсо, анда реферал сыйакы албайт. Реферал Акция өтүп жаткан мезгилде идентификациялоодон өткөндүгү үчүн сыйакыны бир жолу гана ала алат. Реферал идентификациялоодон өткөндөн кийин сыйакы анын идентификациялоодон өткөн номерине, анын BakAi балансына ошол замат автоматтык түрдө чегерилет.
4.3.2. Реферал сыйакы чегерилген учурга карата BakAiдын колдонуучусу болуусу керек.
4.3.3. Эгерде реферал өз кезегинде өзүнүн уникалдуу шилтемеси боюнча BakAiга жаңы колдонуучуларды тарта турган болсо, ал реферер болуп калат жана Акциянын ар бир жаңы катышуучусу үчүн 4.2. Реферерлердин сыйакылары бөлүгүндө көрсөтүлгөн шарттарга ылайык сыйакы алат.
4.4. ВознагЖаңы колдонуучулардын сыйакылары:
4.4.1. Жаңы колдонуучу Акция өтүп жаткан мезгил ичинде тиркемени жүктөп алгандыгы үчүн жана идентификациялоодон өткөндүгү үчүн ошол замат 100 (жүз) сом өлчөмүндөгү сыйакы алат. Жаңы колдонуучу идентификациялоодон Акция өтүп жаткан мезгилде өтпөсө же идентификациялоодон Акция башталганга чейин өткөн болсо, анда сыйакы албайт. Жаңы колдонуучу Акция өтүп жаткан мезгилде идентификациялоодон өткөндүгү үчүн сыйакыны бир жолу гана ала алат. Жаңы колдонуучу идентификациялоодон өткөндөн кийин сыйакы анын идентификациялоодон өткөн номерине, анын BakAi балансына ошол замат автоматтык түрдө чегерилет.
4.4.2. Реферал сыйакы чегерилген учурга карата BakAiдын колдонуучусу болуусу керек.
4.4.3. Эгерде жаңы колдонуучу өз кезегинде өзүнүн уникалдуу шилтемеси боюнча BakAiга жаңы колдонуучуларды тарта турган болсо, ал реферер болуп калат жана Акциянын ар бир жаңы катышуучусу үчүн 4.2. Реферерлердин сыйакылары бөлүгүндө көрсөтүлгөн шарттарга ылайык сыйакы алат.

5. БОНУСТАРДЫ ЧЕГЕРҮҮНҮН ЖАНА ПАЙДАЛАНУУНУН ТАРТИБИ
5.1. Ар бир отчеттук мезгилде мурдагы отчеттук мезгил үчүн топтолгон мурдагы мезгилдеги бонустар гана чегерилет;
5.2. Акциянын катышуучусу утушту BakAi төлөмдөрүнө жана кызмат көрсөтүүлөрүнө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка максаттарга жумшай алат.
5.3. Катышуучулар алган утушка (акча каражаттарына) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 191-беренесинин 9-пунктуна ылайык салык салынбайт.
5.4. Банк ар бир Катышуучуга утуштун чегерилгендиги тууралуу BakAiдагы PUSH-билдирүүлөр аркылуу билдирип турат.

6. КАТЫШУУЧУЛАРДЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕНМЕЛЕРИ
6.1. Катышуучу төмөнкүлөргө укуктуу:
· Акция тууралуу маалыматтарды ушул Эрежелерде көрсөтүлгөн өлчөмдө жана тартипте алууга;
· Ушул Эрежелерге ылайык утушту алууга.
6.2. Акцияга катышуунун өзү Акциянын катышуучулары ушул Эрежелер менен таанышып чыккандыгын жана аны менен толук макул экендигин автоматтык түрдө билдирет. Реферер жөнөтмө жиберүү аркылуу рефералдарды чакырууда ушул Эрежелерге жана ушул Акциянын шарттарына макул болот.

7. БАНКТЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕНМЕЛЕРИ
7.1. Банк Акция өткөрүүгө, ошондой эле Катышуучуларга ушул Эрежелерге ылайык утуштарды берүүгө милдеттүү.
7.2. Банк Акциянын эрежелерине кайсы убакта болбосун өзү каалаганда өзгөртүү киргизүүгө укуктуу. Акциянын узартылышы, токотулушу же Акциянын Эрежелерине өзгөртүүлөрдүн киргизилиши жөнүндөгү маалыматтарды Банктын Сайтына жана расмий маалыматтык каналдарына жайгаштырат. Акциянын шарттарынын өзгөргөндүгү жөнүндөгү маалымат Сайтка жайгаштырылат жана жайгаштырылган учурдан баштап 10 жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

8. СТАТИСТИКАЛЫК МААЛЫМАТТАР ЖАНА АКЦИЯ БОЮНЧА МААЛЫМАТТАРДЫ АЛУУ
8.1. BakAi тиркемесинин башкык менюсундагы Акция блогунда акциянын шарттарын жана катышуучулардын статистикалык маалыматтарын камтыган баракча жеткиликтүү.
8.2. Статистиканын көрүнүшү ар бир колдонуучуга төмөнкүчө жеткиликтүү:
· Реферер тарабынан демилгеленип, ийгиликтүү чакыртылган колдонуучулардын/рефералдардын саны.
· Акция жүргүзүлгөн мезгилде алынган сыйакылардын суммасы.
· Реферер тарабынан чакырылган, BakAi тиркемесинде идентификациялоодон ийгиликтүү өткөн рефералдардын тизмеси.